Жалал-Абадда “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форуму өткөрүлдү
Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2022-жылдын 23-августунда кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу боюнча “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өткөрүлдү. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, форумдун негизги максаты Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.Иш чаранын башталышында облус аймагындагы милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишмердүүлүгү боюнча катышуучуларга маалыматтар берилди. Андан соң форумдун логотиби түшүрүлгөн төш белги, бейджик, брошюра, блокноттор таратылды. Ошондой эле “Укук бузуунун алдын алуу негиздери” темасындагы жана Жалал-Абад ОИИБдин 2023-жылы аткарган жумуштары камтылган атайын видеоролик көрсөтүлдү. Мындан сырткары кылмыштын кесепеттери камтылган сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү.
Форумдун жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, жарандардын коопсуздугун натыйжалуу сактап, элдин бейпил жашоо-шартын камсыздоо үчүн, 2021-жылдын 5-майында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганын белгиледи. Анын негизинде, копцепция иштелип чыгып, мыйзамдын талаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн “Улуттук план” түзүлүп, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилгенин белгиледи. Аталган маанилүү иш-чаранын аткарылышын жалпылап, координациялык жумуштарды алып баруу Ички иштер министрлигине тапшырылганын, бүгүнкү иш-чаранын түпкү максаты “Улуттук пландын” негизинде аткарыла турган милдеттер экендигин кошумчалады. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алууда, коомчулуктагы терс көрүнүштөргө бөгөт коюуда милицияга көмөк көрсөтүп, биргеликте чогуу жумуш алып барууга чакырды.
Жыйындын жүрүшүндө, укук бузуулардын алдын алууда ички иштер органдары менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу өкүлдөрү жана милиция кызматкерлерин ИИМдин сыйлыктары тапшырылды.
Ошондой эле профилактика иштерин мындан ары дагы күчөтүү боюнча резолюция кабыл алынды.
Форумга ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Генералдар Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышышты.
“Акыйкат”