Өрт болбосун
Базар-Коргон райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн кызматкерлери кырсыктардын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тактап айтканда Базар-Коргон райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, майор Айбек Иманов төмөндөгүлөрдү билдирет:
Өртсүз адам баласынын турмушун элестетүү мүмкүн эмес. Бирок аны пайдаланганда этият болуп, эң жөнөкөй болгон өрт коопсуздук эрежелерин сактабасак ал ырайымсыз таш боор өрткө айланып, бир заматта өмүр бою жыйып-терген оокатты, материалдык байлыктарды күлгө айлантып, ал түгүл адам өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирет.
Өрт кырсыгы болбосун десек биринчи кезекте аны алдын ала билгенибиз оң. Маселен жаш балдарыбызды ширенке менен ойноосуна жол бербөө, жасалма электр жылыткычтарын пайдаланбай, электр зымдарын талаптагыдай туташтыруу өңдүү шарттарды аткарганда гана биз өрт кырсыгынан алыс болобуз.
Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмү тарабынан жер жерлерде жана мектептерде өрт кырсыгын алдын алуу максатында жаш окуучуларга түшүндүрүү ишин улантып келе жатышат.
Базар-Коргон райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысын УМА
Майор: Айбек Иманов