Жалал-Абаддагы туристтик жайлардын шарттарын жакшыртуу маселелеси

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдында түзүлгөн туризм тармагын өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өттү. Бул туурасында облустук администрациядан кабарлады.
Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, район, шаар башчылары жана алардын орун басарлары, туризм жаатында иш алып барган мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.
Жыйында Жалал-Абад облусунун туризм тармагында орун алып жаткан көйгөйлөр, өнүгүү жолунда чогу иш алып баруу багыттары талкууланды.
Облус башчынын орун басары Урматбек Самаев, облус аймактарындагы туристик жайлардын шарттарын жакшыртууда бир катар орчундуу маселелер бар экенин белгиледи.
Ошондой эле алдыдагы убакытта ар бир район, шаардын жетекчилери тармактын ишин жандантуу боюнча натыйжалуу иштөөсү зарылдыгын айтты. Ага катар туристтик жайлардын тазалыгын сактоо, мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, туристтик бренддерди иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана жайылтуу тапшырмасын берди.
Жыйында Жалал-Абад облусунда кышкы туризмди жандантуу, тармак аркылуу жашоочулардын жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү маселелери баса белгиленди – деп айтылат билдирүүдө.