Эгин талааларын өрттөн сактайлы.
Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматы эгин талааларын өрттөн сактоо жана алдын алуу боюнча коомчулукка кайрылат:
Быйылкы бышыкчылык мезгили келди. Бул оруп жыйноо иштерин ийгиликтүү аяктоодо бардык коопсуздук маселелери менен бир катарда өрт коопсуздук маселеси да орчундуу орундуу ээлейт.
Оруп жыйноо учурунда өрт кокустуктарына жол бербөө үчүн кандай иш-чараларды аткаруу керек? Мына ушул темада адис катары ой бөлүшмөкчүбүз.
Эгин талааларында, кайракы адыр жерлеринде жана оруп жыйноо иштери жүрүп жаткан жерлерде отко абдан этият мамиле кылуу зарыл. Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо керек. Эң оболу күйүп жаткан ширенке жана тамеки калдыктарын ыргытпаңыз же болбосо тамеки калдыктарын толук өчүрүп андан кийин гана аны таштоо керек. Чай кайнатып же казан асуу зарылдыгы болсо, анда ал аймакты топурак катмарына чейин тазалап андан кийин гана ал жерге от жакканыңыз талапка ылайык. Өрт кооптуулугу бар учурда от жагып жана саман чөптөрдүн калдыктарын өрттөбөгөнүңүз дурус болот, себеби шамал болуп жаткан учурда от жаксаңыз ал тутанып, чоң өрт кырсыгына айланып кетиши мүмкүн. Тыныгып отурган жерди, таштап кетип жатып отту суу менен өчүрүңүз, же очоктогу чок толугу бойдон өчкөнгө чейин топурак менен көмүп салганыныз эрежеге ылайык. Эгин талааларында, орулуп жаткан аянттарда майланган жана бензин сиңирилген материалдарды калтырбаңыз. Жаңы башталган өрттү, суу жалбырактуу дарактардын бутактары менен же топурак чачып, колдо болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып өрттү өчүрүү керек.
Ал эми дан эгиндерди оруп жыйноочу техникаларга келсек, комбайндар жана жыйналган түшүмдү ташуучу тракторлордун да өрт коопсуздук абалы жакшы болуусу зарыл. Оруп жыйноочу жана ташуучу техникалардын кыймылдаткычтарынын ар кайсы жерлеринен май агып, электр тармактарынын кабыкчалары желип, өрт чыгууга шарт түзгөн абалда болбоосу зарыл.
Оруп жыйноочу техникаларында өрт коопсуздугун сактоо үчүн электр тармагынан, кыймылдаткычтык майлардан, чөп чардан таза болуусуна көңүл буруу менен, баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар (Фляга суусу менен шыпыргы, огнетущитель, кийиз, кум) камсыз кылынып, күнүгө айдоочу тарабынан көзөмөлгө алынуусу зарыл. Ошондой эле чөп ташууда тракторлор жана авто унааларын түтүн чыгаруучу жайларына учкун кармагычтарды орнотуу талап кылынат. Жогорудагы көрсөтүлгөн эрежелерди эске алып так сактасак, өрт кырсыксыктарына бөгөт койгон болобуз
Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн
ӨӨжААБнүн башчысынын У.М.А
улук лейтенант А.Сатыбалдиев