Жалал-Абад шаарынын аталышынын Манас шаары болуп өзгөртүлгөндүгүнө карата иш-чара болуп өттү

Ага Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Эрматов, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов жана депутаттар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Анда Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас болуп өзгөрүшүнүн кыскача тарыхына токтолуп, бул боюнча Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда кол койгон мыйзам 27-сентябрда күчүнө киргендигин расмий баяндады жана бул тарыхый учур экендигин белгиледи.
Ошондой эле калаа башчысы Эрнисбек Ормоков Манастын 7 осуяты менен сөз баштап, өзгөргөн мыйзам боюнча Манас шаарынын тургундарын расмий куттуктады.
Салтанаттуу иш-чара Манас айтуу, фольклордук чыгармалар ошондой эле чакан концерттик программа менен коштолду.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаары расмий түрдө Манас деп аталды. Шаардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-сентябрда кабыл алып, мамлекет башчысы 2025-жылдын 17-сентябрында кол койду жана 27-сентябрда мыйзам күчүнө кирди.