Жалал-Абадда кашкулакка мыйзамсыз аңчылык жасаган жаранга 16 миң сом айып пул салынды

Мындай маалыматты КРнын жаратылыш ресурс министирлигине караштуу экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Дурусбек Залимбеков билдирди. Анын айтымында окуя Ноокен районундагы Кочкор-Ата токой чарбасында орун алган.
“Рейд учурунда токой чарбанын аянтынан У.Б атту жаран мыйзамсыз аң уулап жүргөндүгү аныкталды.Текшерүү учурунда анын жанынан 1 даана кашкулактын эти жана ок атуучу курал жана ок-дарылар чыккан. Бул боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, жаранга мыйзам чегинде чара көрүлүп аңчылык кылганы үчүн 10 миң сом айып пул, 1 даана кашкулак үчүн 6 миң сом доо коюлду. Бардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”,-деди Д. Залимбеков.
КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодекси 261-берене. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо
1-пункт Олуттуу эмес зыян келтирген мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо, анын ичинде балык же болбосо суу жаныбарларын кармоо – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.