"Жалал-Абад облустук ооруканасына 7 кабаттуу имарат курулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук ооруканасына барды. Анда зарылчылыкка байланыштуу 7 кабаттуу медициналык имарат курулаары белгилүү болду. Бул тууралуу Регион телеканалынын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды. Маалыматта жазылгандай жаңы имарат толугу менен заманбап шартта салынып, анын чатырына тик учак үчүн конуу аянтчасы да камсыздалат.
“Камчыбек Ташиев облустук оорукананын аймагындагы эскилиги жеткен имараттарды бузуу тапшырмасын коюп, жеке менчик клиникаларды, өз алдынча куруп алган турак-үйлөрүн дагы оорукана аймагынан чыгаруу тапшырмасын койду.
Оорукана тийиштүү медициналык-техникалык каражаттар менен камсыз кылынат жана аймагында бейтаптар үчүн жашыл аймактарды курууга басым жасалат.
Курулуш иштери ушул жылы башталат. Ага жалпы 900 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалаары айтылды. Камчыбек Ташиев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул каражат камсыз кылынаарын белгиледи.
Аталган оорукана облустук болгондуктан Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан келип даарылангандар көп. Мындан улам бейтаптар үчүн орундар жана медициналык персоналдын жетишсиздиги көйгөй жаратып келет” – деп айтылат маалыматта.