Жалал-Абадда ок атуучу куралдарды сактоо эрежесин бузган жарандарга 897 000 сом айып пул салынды

Жалал-Абадда ок атуучу куралдарды сактоо эрежесин бузган жарандарга 897 000 сом айып пул салынды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, быйылкы жылдын 11 айына карата эреже бузгандарга 609 админстративдик протокол толтурулган. 
«Буга чейин ок атуучу куралы бар жарандардын куралды  сактоо шарттары текшерилип, актылыр түзүлүп, милдеттенмелер алынган. Текшерүү учурунда сактоо жана алып жүрүү эрежелерин бузгандыктары үчүн жалпы 609 протокол толтурулуп, 897 000 сом айып пул салынып, 829 000 сому  мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта. 
Мекемеден билдиргендей Жалал-Абад облусу боюнча  3906 мергенчилик, 443 газотравматикалык куралдарга документтер берилип, расмий каттого алынган.