44 жаштагы Жамийла Темирова Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейинин жетекчиси болуп дайындалды

44 жаштагы Жамийла Темирова Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейинин жетекчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 18-декабрда аны шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова эмгек жамаатына тааныштырды.
Жамийла Темирова буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Маалымат борборунда веб-сайттын администратору кызмат ордун аркалап келген.
Белгилей кетсек, аталган мекемени буга чейин Зеринса Шериева жетектеп келген. Ал шаардык кеңешке депутат болуп, жумушун тапшырган.

Эске салсак, миңге чукул экспонаты бар Жалал-Абад шаардык аймак таануу

музейи 1972-жылы жеке жактардан музей үчүн алынган 5 бөлмөлүү үйдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

"Акыйкат"