“Мейкин Азия” фестивалы кандай өтүп жатат?

“Мейкин Азия” фестивалы кандай өтүп жатат?

Кечээ, 20-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында IV эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалынын алкагында сынактын биринчи туру болуп өттү.
Фестивалдын алгачкы күнүндө расмий ачылыш аземи болуп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген таланттуу катышуучулар өз өлкөлөрүн тааныштырып, сахнада музыкалык чыгармаларын аткарышты.
Алардын аткаруусу калыстар тобу тарабынан белгиленген критерийлер боюнча бааланып, биринчи турдун жыйынтыгы төмөндөгүдөй чыгарылды:
- Кира Гоголадзе (Россия) – 70 упай;
- Урмат Сатыбалдиев (Кыргызстан) – 69 упай;
- Мария-Диана Стынчуляша (Румыния) – 67 упай;
- Полина Тасева (Македония) – 66 упай;
- Камир (Кыргызстан) – 64 упай;
- Дроб Виталий (Беларусь) – 64 упай;
- Аса Едже (Түркия) – 64 упай;
- Avarzed Naranbaatar (Монголия) – 63 упай;
- Эсма Нуманович (Босния жана Герцеговина) – 62 упай;
- Тулкин Таджиев (Өзбекстан) – 61 упай;
- Эрнак Карабальо (Аргентина) – 61 упай;
- Анджела Шутич (Сербия) – 60 упай;
- Бекжан Кайратулы (Казакстан) – 60 упай;
- Альфия Нигматуллина (Башкортостон) – 60 упай;
- Арууке Атантаева (Кыргызстан) – 59 упай;
- Фредерик Д`Анджело (Франция) – 58 упай;
- Габриэла Брайчич (Хорватия) – 58 упай;
- Виктория Сильвая Рубин (Польша) – 57 упай;
- Алмас Хусаинов (Татарстан) – 57 упай;
- Майя Маринчич (Словения) – 57 упай;
- Николас (Испания) – 57 упай;
- Ариана Доготар (Молдавия) – 56 упай;
- Маммадли Санан Камран оглу (Азербайжан) – 56 упай;
- Франклин Каллея (Мальта) – 55 упай;
- Кирилл Матвеев (Якутия) – 54 упай;
- Сафарзода Афзалшолх (Тажикстан) – 52 упай;
- Христос Телевандос (Греция) – 44 упай.

Белгилей кетсек, бул упайларга көрүүчүлөрдүн добушу да кошулган.

Экинчи тур
бүгүн 21-июлда көгүлтүр Ысык-Көлдө өтүп жатат. Ал эми 22-июлда гала-концерт жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи уюштурулат.

Жыйынтыктоочу күнү атактуу ырчы Димаш Кудайберген өзүнүн чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулайт.