Аксыда 210 үй-бүлөгө социалдык келишимдин негизинде 150 миң сомдон берилди

Мындай маалыматты Аксы райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Зарипа Калматова билдирди. Анын айтымында, жыл сайын мамлекет тарабынан кайтарымсыз каражатты алуу үчүн кезекке тургандардын саны өсүүдө.
«Бүгүгкү күнү район аймагында аз камсыз болгон жана турмушун оңдоого аракет кылган үй-бүлөлөргө 150 000 сомдон кайтарымсыз жардам көрсөтүлүп, сертификаттар тапшырылды. Бул жылы район үчүн жалпы 876 квота бөлүнгөн, бүгүнкү күнү анын 210у бул каражатты алып, өз бизнесин өнүктүрүүгө багыттоодо. Андан сырткары 7 үй-бүлөгө 200 000 сомдон пайызсыз кредиттер берилди»,-деди З. Калматова.
Мындан сырткары ал каражат алып ишкердик баштагандар кызматкерлер тарабынан текшерилип тураарын, каражатты максаттуу пайдалануу көзөмөлдөнөөрүн айтты.
Эске салсак, өткөн жылы райондо 1575тен ашык үй-бүлө соцконтрактардын негизинде 100 миң сомдон алып ишкердиктерин баштаган.