Базар-Коргон шаарынын мэри жол кырсыгына кабылып, бир кызматкер каза болгон: Дарыгер жабыркагандар тууралуу маалымат берди

Базар-Коргон шаарынын мэри жол кырсыгына кабылып, бир кызматкер каза болгон: Дарыгер жабыркагандар тууралуу маалымат берди

Жол кырсыгына кабылганы айтылып жаткан Базар-Коргон шаарынын мэри Нурмухаммед Мамбеталиев жана шаар мэриясынын айдоочусу Ж.Т. БазарКоргондон Жалал-Абадка которулду. Мындай маалыматты Базар-Коргон жалпы
дарыгердик практикалык борбору ырастады.
Дарыгер Афтандил Махмаджан уулунун айтымында, алар 19-июль күнү таңга маал
тез жардам менен бейтапканага жеткирилген. 
«Мен 19-июль күнү түнкү нөөмөттө элем. 5:30дар чамасында тез жардам менен
айдоочу келди. Анын баш мээси чайкалып, мойнунда жарааты бар эле. Ага
алгачкы жардамдар көрсөтүлдү. 
Ал эми 6:40тар чамасында мэр келди. Анын да баш мээси чайкалып, бетибашында жарааттар жана акыреги сынган экен. Ага да жардам көрсөтүлдү. Ошол
эле күнү түштөн кийин алар Жалал-Абадга которулушкан», - деди ал. 
Бул жол кырсыгы катталганы тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын
коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү да ырастап, төмөнкүлөрдү билдирди.
«19-июль күнү болжол менен танкы саат 06:00 чамасында “Toyota Land Cruiser 100”
үлгүсүндөгү автоунааны Акман айыл аймагынын тургуну 1986-жылы туулган Т.Ж
башкарып бара жатып, унаанын рулун башкара албай жол кырсыгына кабылган.
Анын кесепетинен унаа башкарып бараткан Т.Ж жана алдынкы орунда бара
жаткан М.Н. райондук ооруканага түшкөн.
Унаанын арткы орундугунда бара жаткан 1999-жылы туулган К.Э. денесинен алган жараатынан улам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн өзүнө келбей
көз жумган», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Turmush басылмасы 19-июнь түнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон
районуна караштуу Арстанбап-Ата айыл аймагынын Кызыл-Үңкүр айылында жол
кырсык катталып, эки адам жабыркап, бир адам каза болгону тууралуу жазган. 
<https://jalal-abad.turmush.kg/ky/news:695681>