Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында темир жол линиясына туура келген турак-жайларды көчүрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Ага көз карандысыз баалоо жүргүзүүчү эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана
тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты.
Жыйында Нурлан Эрматов курулуш иштерине байланыштуу 100гө жакын турак-жайларды баалоо жана көчүрүү иштерин баштоо зарылдыгын белгилеп, бул багыттагы ишти эки топко бөлүп уюштурууну тапшырды.
Ошондой эле, ал процессте жарандардын кызыкчылыктары толук эске алынып, бардык иштер мыйзамдын алкагында так жана ачык жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.