Үйүндө самын чыгарган ишкер

Үйүндө самын чыгарган ишкер

Тогуз-Торо районундагы Арал айылынын 32 жаштагы тургуну Бүбүсайра Кудаш кызы үйүнүн сарайында “Тамчы” аталышындагы самын чыгаруучу чакан цех ачып иштетүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлады. Маалымдалгандай чакан ишкананы 2 жыл мурда ачкан. Ал жайда самын,идиш жана кол жуучу, унааларды жуучу суюктук каражаттарын чыгарат. Жасалган каражаттарын аймактагы дүкөндөргө сатат

Бүбүсайра ишкердикти ийгиликтүү жүргүзүш үчүн ылайыктуу мекеме болсо деп район акими Манас Мураталиевге кайрылды. Анын көйгөйлөрүн уккан  Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев ишкерлерди колдоо максатында атайын имарат бөлүп берүү үчүн имарат атайын жай каралганын айтып, тургундарды, социалдык мекемелерде жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо көрсөтүп көмөктөшүүгө чакырды.

Эскерте кетсек аталган чакан ишканада жергиликтүү үч кыз-келин жумуш менен камсыз болгон.