Жалал-Абад облусунда чет өлкөлүк номурлуу 1100дөй унаа мыйзамдаштырылды

Мындай маалыматты, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Альберт
Кожобергенов билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагына мыйзамыз келген делген Абхазия, Армения жана башка өлкө номурлуу унааларды каттоо өнөктүгү кызуу жүрүүдө.
« Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкө аймагында 1-апреден тарта Абхазия, Армения жана башка өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды каттоо башталган. 4 ай аралыгында биздин мекемеден 1100дөн ашык унаа мыйзамдаштырылды. Анын ичинен 500дөн ашыгы Жалал-Абад шаарында.
Легалдаштыруунун акысы көлөмү 2 куб сантиметрге чейинки унаалардыкы 52 миң 250 сомду түзсө, көлөмү 2 кубдан чоң болгон унаалардын төлөмү 100 миң 200 сомду түзөт. Ушул тапта биздин кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Мыйзамдаштыруу өнөктүгү 1-октябрга чейин улантылат»,-деди Альберт Кожобергенов.
Мындан сырткары ал мыйзамдаштырылган унаанын ээлерине унаа катталгандан
кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси
кызматына пайдаланууга тыюу салынары тууралуу милдеттенме жазылып
берилерин кошумчалады.
Эске салсак, 2024-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген унааларды мыйзамдаштыруу боюнча пикирин билдирген.
«15 миңдей унаа экен. Алардын баары мыйзамсыз алынып келген. Унаа тетиги
катары алып келишкен. Башы бир унааныкы, ортосу экинчиники, аягы башканыкы.
90 пайызынын документи жок.
Булар өкмөт баары бир мыйзамдаштырып берет деп жатышат. Мен тапшырма
бердим, мыйзамсыз алынып келген унаа көчөдө жүрбөшү керек. Себеби, ошолор
такси болуп, канчалаган адамдардын өмүрүн алып, ден соолугуна зыян келтирип
жатат.
Шашпаш керек. Биз аларды этап-этап менен мыйзамдаштырабыз. 1-этабында
кандайдыр бир документи барларды карап чыгалы деп жатабыз. Эч кандай
документи жок эле мыйзамдаштырып бер дешет. Кантип мыйзамдаштырабыз?
Экинчиден, техникалык абалы жакшыларын комиссия менен карап чыгабыз.
Анан мыйзамдашпай тургандары да бар. Аларды же тооккана кылышат же кайра
алып чыгып кетишет… Мен мыйзамды буза албайм.
Бажы кызматы "растаможкага" 5 миңден 12 миңге чейин төлөш керек деп
жатышат. Макул, аны эптеп кыскарталы. Бирок талкаланган унаалар бар. Аларды
мыйзамдаштыра албайбыз», - деген Ташиев.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында «Автотранспорт
каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик
агенттиги чет өлкөлүк номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу 1-апрелден
башталып, 1-октябрга чейин уланарын билдирген.
Унааларды аталган мамлекеттик агенттиктин бардык бөлүмдөрүндө
мыйзамдаштырууга болот.
Бул үчүн унаа ээлери төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
– Евразия экономикалык биримдигинин шайкештикти баалоо боюнча
аккредитациядан өткөн органдарынын бирдиктүү реестрине кирген лаборатория
тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу
жөнүндө күбөлүк;
– сүрөткө тартуу менен визуалдык кароодон өткөрүү үчүн транспорт каражаты;
– транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арыз;
– өздүгүн тастыктоочу документ;
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (эгерде бар болсо);
– транспорт каражатына менчик укугун тастыктоочу документ (эгерде бар болсо);
– транспорт каражаты издөөдө жок экени, ошондой эле күрөөгө коюлбагандыгы,
үчүнчү жактар менен талаш-тартыштын предмети эмес экендиги, камакка
алынбагандыгы жана такси катары колдонулбагандыгы жөнүндө милдеттенме;
– мамлекеттик чек арадан өтүү көзөмөлүн жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын маалым каты. Эгерде маалым кат жок болсо, транспорт
каражатынын алып келинген күнү 2024-жылдын 31-декабры болуп эсептелет;
– каттоо үчүн жыйымдарды жана төлөмдөрдү, атайын бланкты жана мамлекеттик
каттоо белгилерин төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк. Төлөмдү электрондук төлөм
системалары аркылуу жүргүзсө болот;
– мыйзамдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
«Кыргыз Республикасынын аймагына 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып
келинген, чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар, укук
белгилөөчү документтери жок жана бажылык тариздөөдөн өтпөгөн бардык
транспорт каражаттары мыйзамдаштырылат», - деп айтылат билдирүүдө.
Мында мыйзамдаштырылган транспорт каражаттарынын ээлерине №10 деген
мамлекеттик номур ыйгарылат.