Базар-Коргондо №10 Жазаларды аткаруу кызматынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Жалал-Абад шаарынан көчүрүлгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесинин Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына курулган жаңы мекемеси ачылды.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов катышты.
Курулуш үчүн жалпы 13 гектар жер аянты ажыратылып, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланган.
Ыйгарым укуктуу өкүл Жазаларды аткаруу системасы – соттолгондорду кайрадан тарбияланып, коомго пайдалуу инсан болуп кайтып келүүсүнө шарт түзүүчү негизги институт экенин айтты. Ага катар жаңы мекеме эл аралык адам укуктарынын талаптарына жооп берген, жазасын өтөп жаткан жарандар үчүн гумандуу шарттар камсыздалганын кошумчалады.
Жаңы объектте соттолгондор иш менен камсыз болуп, күнүнө 40 миң даана кыш чыгаруучу завод, тигүү цехи, темир устачылык, нан бышыруучу жай жана башка бир катар багыттар боюнча цехтер ачылган.
Эске салсак, мекеменин курулуш иштери 2022-жылдын августунда башталган.