Жалал-Абад облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аз камсыз болгон 3031 үй-бүлөгө 1137,6 тонна көмүр, 262 үй-бүлөгө акчалай түрдө жардам көрсөтүлдү
Мындай маалыматты Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аны менен катар дубандын бардык район-шаарларында калкты арзан көмүр менен касыздоо үчүн түйүндөр иштеп жатат.
«Облустун калкын күз-кыш мезгилдерине карата керектелүүчү көмүрү 201,4 миң тоннаны түзөт. 2025-жылдын 1-январына карата бул тапшырма дээрлик 91,4%га аткарылды. Аны менен катар муктаж болгон жарандар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан облус боюнча 3000ден ашык үй-бүлөгө акысыз көмүрлөр түшүрүлүп берилди. Ал эми 260тан ашык үй-бүлөгө отун суусун камдоо үчүн акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Азыркы тапта дубандагы көмүр сатчу жайларда көмүр жеткиликтүү, анын баасы көзөмөлдөнүп жатат. Ага удаа эле бардык район шаарларда калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында түйүндөр ишке түшүп, көмүрдүн наркы 7,5 сомдон ашпагандай болуп сатылууда»,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында көмүр саткан 183 жай бар.