Дүйнөлүк банк облус аймагындагы 21 участокту реконструкциялоо үчүн жеринен карап чыгып жатат

Дүйнөлүк банк облус аймагындагы 21 участокту реконструкциялоо үчүн жеринен карап чыгып жатат

Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашып жаткан “Жаратылыш ландшафттарын туруктуу калыбына келтирүү” (KG RESILAND) долбоорунун ишке ашырылышы боюнча миссия өз ишин улантууда.

Жалал-Абад облусундагы долбоордук аймактарга жеринде чыгуу уюштурулуп, калкты табигый кырсыктардан коргоо максатында жүргүзүлө турган жээк бекемдөө жана селге каршы иштер талкууланды.

Иш-чарага Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, долбоордун командасы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери, ошондой эле долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Делегация Базар-Коргон районунун Көкчө-Көз аймагында, ошондой эле сел коркунучу жогору болгон Сузак районундагы объектилерде болуп, учурдагы кырдаалды жеринен баалашты.

Сапардын жүрүшүндө техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) жана долбоордук-сметалык документацияны (ДСД) даярдоого байланыштуу техникалык маселелер талкууланып, адистер дамбалардын учурдагы абалын жана алдыдагы инженердик иштердин планын карап чыгышты.

Жалпысынан долбоордун алкагында сел жана суу ташкындарынын таасирине дуушар болгон 21 участокту реконструкциялоо пландалууда. Бул иш-чаралардын натыйжасында 4 000ден ашуун үй-бүлө жана 5 500 гектардан ашык айыл чарба жери сел жана суу ташкын коркунучтарынан корголмокчу.

“Кыргыз Республикасында жаратылыш ландшафттарын туруктуу калыбына келтирүү” (KG RESILAND) долбоору Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жатат. 

Долбоордун негизги максаты — табийгый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, жаратылыш экосистемаларын калыбына келтирүү, жана жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жөндөмүн бекемдөө болуп саналат.