Президент Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземине катышты
Президент Садыр Жапаров “Кара-Көл” ГЭСинин ачылыш аземине катышты
Кара-Суу дарыясына курулган Кара-Көл ГЭСи заманбап технологиялык талаптарга жооп берген гидроэнергетикалык жабдуулар менен камсыздалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Кара-Көл ГЭСи бул аймакты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого, электр энергиясына болгон тартыштыгын кыскартууга, жумуш орундарын түзүп, бюджетке жыл сайын салык каражатын түшүрүү менен каржылык туруктуулугун чыңдоого өз салымын кошот.
“Кара-Көл шаары жөн жерден “энергетиктердин шаары” деп аталбайт. Бул жерде өлкөнүн эң ири Токтогул ГЭСи башталып, андан ылдый Күрп-Сай, Таш-Көмүр жана башка ГЭСтер каскады созулуп жатат. Эми мына ошол энергетикалык салт уланып, шаар четинде дагы бир жаңы ГЭС өз ишин баштоодо. Эң башкысы, бул ГЭСтин курулушу менен аймактагы энергетикалык коопсуздук бекемделе баштады дегенди билдирет. Бүгүн ишке кирип жаткан Кара-Көл ГЭСи – бул таза, экологиялык жактан коопсуз энергия өндүрүүчү заманбап объект. Кара-Суу дарыясына курулган бул ГЭС заманбап технологиялык талаптарга жооп берген гидроэнергетикалык жабдуулар менен жабдылды.
Албетте, бул – биздин адистердин, куруучулардын жана демилгечи тараптардын кесипкөйлүгүнүн, ынтымактуу аракетинин үзүрү экенин баса белгилейм. Курулуш иштерин толугу менен ата мекендик компания жүргүзүп, улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Биздин адистерибиздин олуттуу тажрыйба топтоп, энергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрлар катары калыптанып жатышы — маанилүү жетишкендик десем болот. Бул дагы – биз үчүн чоң сыймык. Мындан улам, долбоорду ишке ашырууга өз салымын кошкон бардык адистерге, куруучуларга, инженерлерге ыраазычылык билдирем”, - деди өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Энергетика министрли инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны министрлер кабинети жактырып, бекитип берген. Анын алкагында ошол эле жылдын сентябрь айында Кара-Көл ГЭСинин курулушу башталган.
Макулдашууга ылайык, Кара-Көл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. Бирок, курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүткөрүлдү.



