Тогуз-Торонун борбордук бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Мындай маалыматты район акими Манасбек Мураталиев билдирди. Анын айтымында ушул тапта райондук архитектера башкармалыгы тарабынан эскиздери чийилип, долбоор даярдалып жатат. Ушул жылы айрым көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары бирдей болуп оңдолот.
«Райондун борбору Казарман айыл аймагында жалпы 20дай көп кабаттуу үйлөр бар. Алардын дээрлик баары союз учурунда курулуп, пайдаланууга берилген. Эски үйлөрдү жашоочулар актап, сырдап алышкан. Бул жылы атайын демилге көтөрүп райондук архитектура башкармалыгына сунуш берип, эскиздери даярдалды. Айыл аймактын борбордук бөлүгүндөгү үйлөрдүн фасаддарын окшош кылып жасап, негизги көчөлөргө асвальт төшөп, скиверлерди куруу планыбыз бар. Ушул тапта сметасы түзүлүп, долбоор даярдалып жатат. Бул иш план 2025-2026-жылдары толугу менен аягына чыгарылат. Тагырагы бул жылы көп кабаттуу үйдүн фасаддары оңдолот»,-деди аким М. Мураталиев.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Ноокен районунун борбору Масы айылында көп кабаттуу 6 турак үйдүн фасады окшош болуп жасалып, сырдалган болчу. Аталган жумуштар КРнын турукташтыруу фонду тарабынан каржыланы айтылган.