Көк-Жаңгактагы архив кызматкерлери 47 жылдан кийин жаңы имараттуу болушту (cүрөт баян)

Бул тууралуу шаар мэри Сыргак Замирбек уулу билдирди. Анын айтымында, буга чейин архивчилер авариялык абалдагы имаратта иштөөгө мажбур болуп келишкен.
«Көк-Жаңгак шаардык архив кызматынын имараты 1978-жылы курулган. Имараттын эскилиги жеткендиктен дубалдарында жаракалар пайда болуп, шыптарынан суу тамып, анда эмгектенген жумушчуларга ыңгайсыздык жаралып келчү. 2009-жылы аталган имаратка ӨКМ тарабынан «иш алып баруу үчүн кооптуу» делген авариялык корутунду чыгарылып берилген. Бирок мындагылар жаңы имарат курууга чамасы келбегендиктен ушул жерди актап-сырдап иштеп келишти.
Былтыркы жылдын октябрь айында аталган кызмат үчүн 2 кабаттуу имараттын курулушу башталган, анын сметалык баасы 22 млн 495 миң сомду түзгөн. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, ал үчүн тендер жарыяланып, андан «СК Амазон» ЖЧКсы утуп алып ишти баштаган болчу. Бүгүнкү күнү заманбап шарты бар, жаңы имаратты пайдаланууга тапшырдык», дейт шаар мэри С. Замирбек уулу.
Көк-Жаңгак шаардык мамлекеттик архив кызматында бүгүнкү күндө 4 кызматкер
эмгектенип келет.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы «СК Амазон» ЖЧКсы
2024-жылдын 22-августунда кайра каттоодон өткөн. Анын жетекчиси жана
түзүүчүсү катары Толонбаев Омурбек Каримович көрсөтүлгөн. Ишкана
башка топторго кирбеген курулуш-монтаждоо иштери менен алектенет.
Кошумчалай кетсек, сөз болуп жаткан Көк-Жаңгак шаарында 13 миңден ашуун калк жашайт.