Бишкек-Ош жолунда «Daewoo Nexia» унаасы өрттөндү

Бишкек-Ош жолунда «Daewoo Nexia» унаасы өрттөндү

Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди. Маалым болгондой, кырсык 8-август күнү аталган унаа жолдун Сузак районундагы Топурак-Бел тилкесинде орун алган. Тилсиз жоодон эч ким жапа чеккен эмес.

Маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы да ырастап, өрттүн чыгышына унаадагы электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгонун айтат.

«8-август күнү саат 14:40тар чамасында унаа жолдун 564-чакырымында Базар-Коргон району Акман айылынын 1965-жылы туулган тургунуна таандык болгон «Daewoo Nexia» унаасы жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнгөну боюнча бизге кабар келип, өрт өчүрүүчүлөр 15:13тө толугу менен өрүп кайткан. Бактыга жараша тилсиз жоодон эч ким жапа чеккен эмес. Өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска чагылуусу себеп болгон»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.