Базар-Коргондогу мектептин жооптуу кызматкерлери жок кызматкерген айлык чегерип, мамлекетке 410 миң сом зыян келтирген

Базар-Коргондогу мектептин жооптуу кызматкерлери жок кызматкерген айлык чегерип, мамлекетке 410 миң сом зыян келтирген

Жалал-Абад облустук прокуратурасы берген маалыматка таянсак, ушул тапта кылмыш иши козголуп, аны милиция тергеп жатат.

Көзөмөл органы тарабынан райондогу №11 М.Алыкулов атындагы мектеп гимназиясына текшерүү жургүзүлүп, анда билим берүү уюмунун жооптуу кызмат адамдарына карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык, акча каражатын ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иштери козголгон.

«Жүргүзүлгөн текшерүүдө, гимназиянын жооптуу кызмат адамдары жалпы билим берүү уюмдарында ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганына карабастан, мектеп ашканасынын кызматкерлеринин кошумча айлыгы үчүн мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан, мындан тышкары, гимназиянын жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу күндөлүктөрүн жана маяна тизмелерин жасалмалоо жолу менен гимназияда иштебеген кызматкерлерге эсептелген 182 864 сом акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Ошону менен бирге, гимназиянын окуучулары үчүн кружокторду өткөрүү боюнча бекитилген графикке карабастан, жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу күндөлүктөрүн жасалмалоо менен иштебеген кружокторду кошуп, негизсиз түрдө 227 498 сом төлөп жиберишип, жалпысынан мамлекетке 410 362 сом зыян келтирилген»,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-бер. 2-б. (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-бер. 1-б. (кызматтык жасалмачылык) жана 210-бер. 2-б. (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иштер Базар-Коргон РИИБнө жиберилди.