“Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу долбооруна макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 1 ТОКТОМУ 29-сентябрь 2023-жыл
“Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу долбооруна
макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын IV бөлүмүнүн 4.3-пунктун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформалоо иштери боюнча угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасы Президентинин 2021-жылдын 12-октябрынагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын IV бөлүмүнүн 4.3-пунктун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформалооЖарлыгы эске алынсын.
- Ноокен районунун Бүргөндү жана Достук айыл өкмөттөрүнүн бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
- Бириккен Бүргөндү жана Достук айыл аймагынын административдик-аймактык борбору Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында жайгашсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы А.К.Кубатбеков