Манаста дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Хасиятхан бир айдан кийин Бишкек шаарынан табылды
Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, калаанын А. Навои көчөсүнүн 2008-жылы туулган тургуну, Абдуллаева Хасиятхан 2025-жылдын 16-декабрь күнү саат 11:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны милиция кызматкерлери 2026-жылдын 17-январь күнү Бишкек шаарында жүргөн жерин аныктап, жакындарына алып келип тапшырды.
Буга чейин тартип сакчыларына шилтеме берип 18 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатканын жазган. Өспүрүмдүн жакындары жана милиция коомчулуктан анын жүргөн жерин аныктоо максатында коомчулуктан жардам сураган.