Манаста түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүм балдардын ата-энелерине жалпы 40 миң сом айып пулдар салынды

Манаста түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүм балдардын ата-энелерине жалпы 40 миң сом айып пулдар салынды

 Маалым болгондой, 17-18-январь күндөрү калаада “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Мындай чара жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулган. Ага Манас шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, ошондой эле шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Облустук милициядан билдиргендей түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларда жана коомдук тамактануучу жайларда жүргөн 40 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине жана камкорчуларына тиешелүү протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген”,-деп айтылат милициянын маалыматында.

Пагончондор, мындай рейддер жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында алдыңкы күндөрү да улантылаарын маалымдайт.

КРнын Укук бузуулар кодекси

74-берене. Балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу

1-пункт Балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу, анын ичинде алардын жүрүүсүнө тыюу салынган же чектелген жерлерде балдардын болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүү, -жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

102-берене. Ата-энелик милдеттерден качуу

1-пункт Он алты жашка чейинки курактагы баланын ушул Кодексте жоопкерчилиги каралган укук бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, –жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.