Тогуз-Торо районунда жаңы дайындоо

Тогуз-Торо районунда жаңы дайындоо
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары болуп дайындалган Салиманов Табылды Түйтөбаевич бүгүн район активине расмий түрдө тааныштырылды.
Жаңы дайындалган орун басарды район активине райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Нурлан Эшмукамбет уулу тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле районду өнүктүрүүдө эл менен тыгыз иш алып барууга жана биримдикте иштөөгө чакырды.
Салиманов Табылды Түйтөбаевич 1975-жылдын 11-сентябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда төрөлгөн.
Билими:
• 1992–1996-жж. — Математика мугалими
• 2001–2002-жж. — Мамлекеттик башкаруу багыты боюнча магистр
Эмгек жолу:
•1996-1999-жж.— Макмал орто мектебинде мугалим
• 1999–2001-жж. — Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис, системдик администратор
• 2001–2002-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында угуучу
• 2002–2003-жж. — Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында сектор башчысы
• 2003–2004-жж. — “Кыргызтелеком” ААКсынын райондук бөлүмүндө директордун орун басары
• 2004–2008-жж. — Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси
• 2008–2009-жж. — Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин биринчи орун басарынын м.а.
• 2009–2026-жж. — Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси
Класстык чени: мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Сыйлыктары:
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы (2025-ж.)
• “Кыргыз тили” төш белгиси (2023-ж.)
• “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мыктысы” төш белгиси (2021-ж.)
• КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы (2017-ж.)
• “Мамлекеттик кызматтын мыктысы” төш белгиси (2014-ж.)
• КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы (2012-ж.)
Жаңы кызматында ийгиликтерди каалайбыз!