Белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдраманов 70 жашта
Манаста шаарында Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиохирургу, профессор, медицина илимдеринин доктору Калдарбек Абдрамановдун 70 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Өмүрбек Махмаджунус уулу жана медицина тармагынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара “Бир эле кол – миңдеген жүрөктөр” темасынын алдында уюштурулуп, анда кардиохирургдун медицина тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымы кеңири баяндалды.
Мааракеде шаар мэри Эрнисбек Ормоков профессор Абдрамановдун көп жылдык үзүрлүү эмгегине, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактап калуудагы жогорку кесипкөйлүгүнө өзгөчө ыраазычылыгын билдирип, 70 жаш мааракеси менен куттуктады. Ошондой эле мындан ары да саламаттык сактоо тармагына өз салымын кошуп, жаш дарыгерлерге үлгү болуп жүрө беришине тилектештигин билдирди.



