Жалал-Абад облусунда саламаттыкты сактоо тармагына кандай кам көрүлдү?
Өткөн 2023-жылы Жалал-Абад дубанында бир канча Саламаттыкты сактоо мекемелери жаңыдан курулуп ондогон мекемелер капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Мындай маалымат, аптанын башында борбор калаада өткөн облустардын башчылары жана шаар мэрлеринин катышуусундагы өткөң жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиада Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев тарабынан айтылды. Ал белгилегендей мындай аракеттердин негизги багыты калкка медициналык жардам көрсөтүүсүн жакшыртуу болуп саналат.
Атап айтканда жергиликтүү бюджеттин жана райондун өнүктүрүү фондунун эсебинен Кочкор-Ата жалпы практикалык дарыгерлер борборунун төрөт бөлүмү, донорлордун, кайрымдуулук фонддордун жардамы менен Токтогул районунда гемодиализ борборунун, Жалал-Абад санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда ПЦР жасоочу лабораториясынын, Жалал-Абад шаарындагы “Кардио борбору”, Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунун бөлүмдөрү жана ашканасынын имараттары курулуп, пайдаланууга берилди.
Андан сырткары облусаймагында 17 ФАП, республикалык бюджеттин эсебинен облустук клиникалык ооруканасынын 100 орундуу имараттын курулушу, Р.Г.Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 96 орундуу имараты, “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун эсебинен 100 орундуу балдар ооруканасынын имараттары бүткөрүлгөнү маалымдалды.