Сөз болуп жаткан эне жана баланы коргоо борборуна кошумча имараттын пайдубалына капсула салуу аземи болду. Жаңы имарат 3 кабаттан туруп, заманбап медициналык талаптарга ылайык бардык шарттар менен жабдылат. Эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү бөлмөлөр, заманбап жабдуулар жана инфраструктура каралат. Курулуш иштерине керектелген каражат «Алийма Ташиева» атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун өзүнүн бюджетинен каржыланууда.
Бул объект Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө, айрыкча эне менен баланын саламаттыгын коргоону күчөтүүгө багытталган маанилүү социалдык долбоор болуп саналат. Жаңы курула турган имарат аймактагы медициналык кызматтын сапатын жогорулатып, калк үчүн жеткиликтүү жана коопсуз шарттарды түзмөкчү.