Жалал-Абадда спорттун түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл аралык мелдеши башталды
Бүгүн ЖалалЖалал-Абадда спорттун түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл аралык мелдеши башталды-Абадда спорттун түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл аралык мелдеши башталды Манас шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде 17–20 жаштагы спортчулар арасында бокс жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эл аралык мелдеши башталды.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышып, мелдештерди салтанаттуу түрдө ачып берди. Оюндарга республиканын жети облусунан, ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынан келген жаш спортчулар катышууда.
Алгач Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде грек-рим күрөшү боюнча беш салмак категориясында балбандар күч сынашты. Ошол эле учурда шаардагы жаңы Бокс академиясында бокс боюнча таймаштар өтүүдө.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы жаш спортчуларды мелдештин ачылышы менен куттуктап, спорт жаштарды туура тарбиялоодо, мекенчилдикти калыптандырууда жана келечек муундун ден соолугун чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Өкүл мындай эл аралык мелдештер жаш спортчулар арасында достукту бекемдеп, тажрыйба алмашууга жана спорттук чеберчиликти өркүндөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, спорттук мелдештер ушул жылдын 29-ноябрына чейин уланат. Алдыдагы күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. Оюндарга ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан жалпы 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.







