Аксыда сибирь жарасы катталып, аймак карантинге алынды

Аксыда сибирь жарасы катталып, аймак карантинге алынды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында сибирь
жарасы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык оорулардын
алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы
дарыгери Рома Ураимов билдирди.
Маалыматка караганда, 26-сентябрда ылаңдаган мал союлуп, анын эти
таратылган. Айылдын 20 жаштагы тургунунун сөөмөйүнө жара чыгып, алгач ал үй
шартында өз алдынча дарылаган. Натыйжа болбогон соң бейтапканага
кайрылып, алынган анализден сибирь жарасынын таякчалары табылган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө таратылган эттер чогултулуп, санитардык
нормаларга ылайык жок кылынды, ал эми оорулуу мал атайын жерге көмүлдү.
Жабыркаган жаран ооруканага жаткырылып, кийинчерээк үйүнө чыгарылды.
Учурда анын үйү жана сарайы карантинге алынган. Абал туруктуу экени
белгиленди.
Санитардык кызматтын маалыматына ылайык, сибирь жарасы адамга жана малжандыктарга жугуучу өтө кооптуу оору болуп эсептелет. Анын микробдору
топуракта узак убакыт сакталып, жугуштуу эт, тери же чаң аркылуу адамга өтүшү
мүмкүн.
Оорунун белгилери:
тери бетинде кара тактуу жаранын чыгышы;
дененин ысышы, алсыздык, чыйрыгуу;
ичеги же өпкө аркылуу жуккан учурда катуу уулануу, жөтөл, ич ооруу жана
кусуу.