Жалал-Абадда темир тор артындагы 16 жаран жаңы кесипке ээ болду

Жалал-Абад облусунда сот тарабынан жеңил жаза алган жарандар
кесипке үйрөнүп жатат. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинин алдындагы
Пробация департаментинин облус боюнча башкармалыгынын башчысы Уларбек
Эшалиев билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери пробациялык көзөмөлдө турган 16 киши
атайын кыска мөөнөттүү окууларды ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ
болушкан.
«Жыл башында эмгек-социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары
менен биргеликте аймактарда кесипке багытталган окууларды баштаганбыз. Ал
жерде сварщик, плотник, сантехник, ашпозчу, маляр, тейлөө тармагынын
адистери, жыгач жана темир усталар даярдалууда. Учурда дагы 26 киши окуп
жатат, ал эми 17 киши өздөрү тандаган багыт боюнча курстарды күтүүдө.
Тажрыйба көрсөткөндөй, көп учурда кылмышка барууга муктаждык жана
каражаттын жетишсиздиги түрткү болот. Биздин көзөмөлдөгү жарандар каражат
таап, кайрадан коомго аралашуу үчүн реабилитациядан өтүүдө. Бул долбоор
уланат», — деди Эшалиев.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусундагы Пробация башкармалыгында 31
кызматкер эмгектенет. Учурда алар 767 соттолуучуга көзөмөл жүргүзүп келет.