Энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу  аракеттери

Энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу  аракеттери

Жалал-Абад шаарында энелер жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, азайтуу, эрте никеге туруулардын алдын боюнча “Баланын жакшысы, ата-эненин бактысы” аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул турасында шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлады. Анда маалым болгондой аталган жыйынга мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун энелер жана балдар иштери боюнча орун басары Кадича Пратова, дарыгерлер жана ШИИБдин кызматкерлери, аймактык башкаруулардын башчылары катышты.

Алар эне-баланын өлүмүнүн алдын алуу боюнча бир топ ой пикирлерин ортого салышып, кесепеттерин жоюунун жолун издешти.

Мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова кош бойлуу аялдарды убагында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, алардын көзөмөлүндө болууга чакырды. Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн таалим-тарбиясына олуттуу көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, эрте никеге туруулардын алдын алуу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйын учурунда тиешелүү адистер тарабынан эмдөөнүн зарылчылыгы, эрте турмуш куруунун кесепеттери, аз кандуулуктун натыйжасы кандай ооруларга алып келээри боюнча ата-энелерге толук маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар шаардагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана башкарууларда бекитилген график боюнча өткөрүлмөкчү – деп айтылат маалыматта.