Жалал-Абадда алдамчылык менен алектенген 47 жаштагы аял кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, “QRAX” санариптик акча тиркемесин пайдалануу менен Гулзат аттуу аял бир нече жарандарды алдап жүргөндүгү маалым болгон.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
«Козголгон кылмыш ишинин негизинде, Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү катары 1977-ж.т. Өзгөн районунун И.Г. аттуу тургуну кармалган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1977-ж.т. И.Г. тарабынан жасалган 27 кылмыш иши аныкталып, жалпы сумма 3 млн 534миң 330 сом сом зыян келтиргендиги маалым болгон.
2025-жылдын 18-февраль күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып алынып, камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
кылмышка шектүүнүн сүрөтү