Токтогул суу сактагычынан 2500 метр синтетикалык торлор чогултулуп, жокко чыгарылды
«Облус аймагында мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү.
Мындай маалыматты Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынан тастыкташты. Маалым болгондой, ушул тапта дубанда мыйзамсыз балык уулаган браконьерлерге каршы рейддер күчөтүлдү.
2024-жыл ичинде балык запастары боюнча 12 жарандан 41 миң 203 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлгөн. Мындан сырткары 47 жеке жана юридикалык жактардан 104 миң 500 сом айып пул алынган. Ушул жылдын 20-январына чейин Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда 2500 метр синтетикалык торлор чогултулуп, жокко чыгарылып, 3 жаранга айып пулдар салынды»,-деп айтылат маалыматта.
"Акыйкат"