Жалал-Абадда жасалма АКШ долларлары аныкталды

Жалал-Абадда жасалма АКШ долларлары аныкталды

Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 5-март күнү Жалал-Абад ШИИБге Жалал-Абад шаарынын
1995-жылы туулган Р. уулу И. арыз менен кайрылган. Ал 5-март күнү саат 20:20
чамасында А.аттуу таанышына 8700 АКШ доллар карызын алып барып накталай
санап берген учурда, ал ошол эле акчаны «И. деген таанышыма карыз элем, алып
барып берип койчу» деп, жасалма 8700 АКШ долларын бергенин билдирген.
Натыйжада Р. уулу И. 760 миң 728 сом материалдык зыян тарткан. Аталган факты
Жалал-Абад ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (жасалма акчаны
же баалуу кагаздарды жасоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1984-жылы
туулган Н.А. аттуу тургуну кармалып, жанынан жасалма 87 даана 100 долларлык
купюралар алынып, соттук-техникалык экспертиза дайындалган. Ал убактылуу
кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

шектүү