Сатыкулов Азамат Алаңбаевичке жана маркум Арстанбеков Зайырбек Советбековичке Бүргөндү айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXII – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 9 – Т О К Т О М У 4-октябть 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Сатыкулов Азамат Алаңбаевичке жана маркум Арстанбеков Зайырбек Советбековичке Бүргөндү айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”
Жаңы-Арык айылынын тургуну С. Мамировдун кайрылуусунда, А. Сатыкулов 2017-2021-жылдарда Бүргөндү айыл өкмөт башчысы болуп турган мезгилде айыл аймактагы экономикалык, социалдык, маданий, спорт жана башка ар тараптан өнүктүрүүгө салым кошкон, маркум З. Арстанбеков айыл аймакты ар тараптан өнүктүрүүгө эмгек жасап, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып, көптөгөн пландарын ишке ашыра албай мезгилсиз дүйнөдөн кайтты, ушул айылыбызга эмгеги сиңген адамдарга Бүргөндү айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXII – сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жаңы-Арык айылынын Б. Шарабидин уулу көчөсүнүн тургуну С. Мамировдун кайрылуусу жана айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштары эске алынсын.
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Сатыкулов Азамат Алаңбаевичке жана маркум Арстанбеков Зайырбек Советбековичке Бүргөндү айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу боюнча тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу сунушталсын .
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын жана төш медалын даярдоо, юридикалык иш кагаздарын камсыздоо, тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Толубаевге милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков