13-шайлоо округ: 2 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты
Мындай маалыматты КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева соз болуп жаткан округдан ЖКнын депутаттыгына талапкерлер менен жолуккан жыйында билдирди. Анын айтымында эми бюлетенде 23 талапкердин тизмеси болмокчу.
“Азыр эле 2 талапкердин белгилүү себептен улам шайлоого катышуудан баш тартышты. Алар, Нурбаев Кубан Бактыбаевич жана Мажитова Шарапаткан. Мындан улам талапкерлердин саны мындан да кыскарып кетиши мүмкүн”,-деди А. Жумалиева.
Кошумчалай кетсек, буга чейин ЖКнын депутаттарын кайра шайлоого жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын ичинен эркектер 21, аялдар 10. Бүгүнкү күнгө чейин 25 талапкер катталган. Андан сырткары 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартса, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тарткан.