Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусунун Манас шаарында мектеп директорлору менен жолугушту.
Жолугушууга Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Манас шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аймактагы мектеп директорлору катышты.
Иш-чарада билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, мектептердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, башкаруу сапатын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү багытындагы сунуш-пикирлер талкууланды.
Министр билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип, тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.