Кызыл-Кыя айылындгы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо» долбоорунун сметасына кирбей калган ремонт иштерин бүтүрүүгө керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 2– Т О К Т О М У 13-декабрь 2023-жыл
“Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылындгы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо» долбоорунун сметасына кирбей калган ремонт иштерин бүтүрүүгө керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылындгы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонтто» долбоорунун сметасына кирбей калган ремонт иштерин бүтүрүүгө Ноокен райондук архитектура жанан шаар куруу башкармалыгы тарабынан түзүлгөн жалпы сматалык 1 584 535 (бир миллион беш жүз сексен төрт миң беш жүз элүү беш) сомду түзгөн иштерди кыш мезгилине чейин бүтүрүү максатында айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун 2023-жылдын жергиликтүү бюджетининде каралаган, бирок аткарылбай калган иштердин эсебинде турган акча каражатын статьядан статьяга жылдырып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусу эске алынсын.
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кызыл-Кыя айылындагы №24 О. Каипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонтто” долбоорунун сметасына кирбей калган жумуштарды кыш мезгилине чейин бүтүрүү максатында Ноокен райондук архитектура жанан шаар куруу башкармалыгы тарабынан түзүлгөн жалпы сматалык баасы 1 584 535 (бир миллион беш жүз сексен төрт миң беш жүз элүү беш) сомду түзгөн иштердибүтүрүүгө керектелген акча каражатын статьядан статьяга жылдырылып жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
- Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго жүктөлсүн.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков