КОШУМЧА КОРПУС КУРУЛАТ
Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагына караштуу Чоң-Таш айылындагы Молдо Багыш атындагы орто мектепке окуучулар батышпай,' бир партага үчтөн олтуруп, окуп жатышат. Мектептин алгачкы курулган корпусу авариялык акыбалга келип, жарабай калган эле. Айылдын ишкер жигити Жалилбек Керимкулов Арабиядагы Дубай мектебинин " Мухаммед Бин Рашид Ал Мактум" кайрымдуулук жана гуманитардык уюмунун жетекчиси Мухаммед Бин Ал Мактум менен сүйлөшүп, аталган мектептеги көйгөйдү чечип, жаңы заманбап, 7 класс кабинеттен турган, ашканасы менен окуу корпусун куруп берүүгө макул болгон.
Мындагылардын билдирүүсүнө караганда мектеп 1-сентябрга бүтүп пайдаланууга берилмекчи. Демилгени колдоого алып, аларды бул жерге алып келген Авлетим айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Нурмырза Абдырамановдун билдиргенине карганда арабдар аталган айылдын таза суу көйгөйүн да чечип берүүгө убада кылышкан. Андан сырткары бул жерге бардык шарты менен балдар бакчасы да курулмакчы. Курулушту " Ихсан-Хайрия" фондусу ишке ашырмакчы. Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Сары-Челек айыл аймагынын башчысы Таалайбек Айткулов, Аксы райондук өнүктүрүү фондусунун башчысы Нурмырза Абдыраманов, башкы демөөрчү Мухаммед Бин Рашид Ал Мактумдун жана жеке ишкер Жалилбек Керимкуловдун катышуусунда жаңы мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп, ишке старт берилди.
Жалпы Чоң -Таш айылынын эли, аксакалдары ак баталарын берип иш башталды. Жаңы ментеп санузели, ысык, муздак суусу, ашканасы менен болот.
Абдымомун Калбаев "Акыйкат"