Жалал-Абадда уюштурулган рейдде эмгекке тартылган ондон ашык өспүрүм аныкталды

Жалал-Абадда уюштурулган рейдде эмгекке тартылган ондон ашык өспүрүм аныкталды

Маалым болгондой, шаар бийлигинин буйругу менен уюштурулган “Эмгек өспүрүм” аталышындагы рейдке Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан.

«Калаа аймагындагы базарларда, коомдук тамактануучу жайларда, автоунаа сатуучу жана автоунаа оңдоочу жерлерде эмгектенип жаткан ондогон жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталды. Мыйзам талаптарына ылайык, өспүрүмдөрдү оор жана кооптуу жумушка тартууга тыюу салынгандыгы боюнча балдарга жана балдардын ата-энелерине ошондой эле иш берүүчүлөргө түшүндүрү иштери жүргүзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

КРнын Эмгек кодексине ылайык, эмгек ишмердүүлүгүнө 16 жашка толгон жарандар киргизилет. Айрым учурларда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу болгондо — 15 жаштан баштап өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууга болот.

Ошондой эле ата-энесинин биринин (камкорчу, көзөмөлчүсү) же камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органынын милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен 14 жаштан жогорку окуучулар менен эмгек келишимин түзүүгө жол берилет. Мындай өспүрүмдөр бош убактысында гана ден соолукка зыяны жок, окуу процессине тоскоол болбогон жеңил жумуштарды аткара алышат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жумуш күнүнүн узактыгына чектөөлөр каралат:

14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн - күнүнө 5 сааттан ашык эмес;

16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн - күнүнө 7 сааттан ашык эмес.