Жалал-Абад: "ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ" АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад: "ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ" АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан   "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул туурасында мэриянын маалымат борборунан кабарлады.

Маалымдалгандай рейддин жүрүшүндө 13 өспүрүм балдар оор жумушка тартылып иштеп жатканы аныкталып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Рейддин максаты өспүрүмдөр каникул мезгилинде оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө болуп саналат.

"Акыйкат"