“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жаштарынын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXII – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 3 – Т О К Т О М У 4-октябрь 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жаштарынын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жаштарынын атынана айыл өкмөтүнүн аймагына каржылоо булагын камсыз кылуу менен комплекстүү спорт зал салуу үчүн керектелген маданият үйүнүн жанынан муниципалдык жер аянтын тактап, ажыратып берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXII – сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаштарынан комплекстүү спорт зал салуу үчүн керектелген маданият үйүнүн жанынан муниципалдык жер аянтын тактап, ажыратып берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусу эске алынсын.
- Аймагыбыздагы жаштарды дени сак жашоого үндөөгө, жаш муундарыбызга спорт жаатында шарт түзүүнү колдоого алуу максатында айыл активист жаштары тарабынан каржылоо булагын камсыз кылуу көрсөтүлүп жаткандыгын, сессияда сунушталган сунуштарды эске алуу менен айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн жанынан муниципалдык жер аянтынан жогоруда аталган спорт залды курууга жер тилкеси ажыратылып берилсин.
- Сессияда көрсөтүлүп сунушталган жер тилкесин тактап, ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Оморбековго жүктөлсүн.
4.Жогоруда аталган комплекстүү спорт залды куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын камсыздоону колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдиевге милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков