Облус башчынын катышуусундагы алгачкы коңгуроо
Бүгүн Жалал-Абад облусунун район, шаарларындагы жалпы 486 мектепте жаңы окуу жылы башталды. Билим уяларына 25 миңдей окуучу 1-класска барды.
Ал эми бул күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында жайгашкан №6 Токтосун Темирбаев атындагы орто мектебине барып, окуучуларды, мугалимдер жамаатын жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
Облус башчы билим күнү менен куттуктап жатып, бүгүнкү окуучулар эртеңки келечек ээлери экенин белгилеп, аларды татыктуу тарбия, терең билим алууга чакырды. Өкүл ошондой эле Жалал-Абад облусунун, жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон чыгаан инсандардан болуусун каалады.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.
Миң-Өрүк айылында жайгашкан №6 Токтосун Темирбаев атындагы орто мектеби 1975-жылы курулган. Имарат быйыл республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Анда 1045 окуучу билим алат.