Алдыңкы окуучулар облус башчынын кабылдоосунда

Алдыңкы окуучулар облус башчынын кабылдоосунда

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев “Алтын сертификатка” ээ болгон Жалал-Абад шаарынын бүтүрүүчүлөрү Сапарбек Кадырбеков, Бектемир Доронбеков жана Баястан Сталбековдун атасы Сталбек Укубаевдерди кабыл алды. Бул туурасында облустук администрациядан Нурайым Турдумаматова кабарлады.

Анда айтылгандай, аталган алдыңкы бүтүрүүчүлөр 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 225 балдан 231 балга чейин жогорку упай алган шаардагы “Курманбек Баатыр” атындагы балдар лицейинин бүтүрүүчүлөрү.

Облус башчысы бүтүрүүчүлөрдү окуудагы көрсөткөн жогорку натыйжалары менен куттуктады. Билимдүү жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги экенин белгилеп, туура кесип тандап, Кыргызстандын өнүүгүсүнө салым кошкон жаштардан болуусун каалады. Өкүл өз сөзүндө лицей мугалимдерине да ыраазычылык билдирди – деп айтылат маалыматта.