Жалал-Абадда жол милициясы чет өлкөлүк студенттерге жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барып жатышат

Жалал-Абадда жол милициясы чет өлкөлүк студенттерге жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барып жатышат

Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Сатыбалдиевдин айтымында инспекторлор калаадагы чет өлкөлүк студенттер билим алган жогорку окуу жайларда иш алып барып жатканын айтты.

«Жол эрежесин сактоо – ар бир жарандын милдети. Мындан улам, инспекторлор бүгүнкү күнү калаадагы мектеп, бала бакча жана ЖОЖдорго чейин барып түшүндүрүү иштерин алып барып жатабыз. Азыркы кезек чет өлкөлүк студенттер билим алган жогорку окуу жайларга келип, профилактикалык иштерди алып барып жатабыз. Негизи жолдо жөө жүргүнчү болобу же айдоочубу ал жол кыймылынын катышуучусу болуп эсептелет. Алар жолдо жүрүүдө жоопкерчиликтүү болуусу адам өмүрүн сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга аракет кылышы керек»,-дейт А. Сатыбалдиев.

Эске салсак, былтыр, 2024-жылдын 14-майында Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын 2001-жылы туулган айдоочусу ЖалалАбад мамлекеттик медициналык факультетинин 2004-жылы туулган студенти T.K. (кыз) — Индиянын жаранын сүзүп кеткен. Натыйжада чет өлкөлүк кыз башынан жараат алып, Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 1 айдай комада жатып, өзүнө келбей каза болгон болчу.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Жалал-Абад облустук башкармалыгынын берген маалыматына таянсак, ушул тапта Жалал-Абад облусунун аймагында 2714 чет өлкөлүк студент бар. Алардын ичинен 200дөн ашыгы өзбекстандык студент болсо, калганы Индия, Пакистандын жараандары. Алардын 100%ы милдеттүү медициналык полисин алышкан.