Жалал-Абад: милиция кызматкерлеринин апалары сыйланды

Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында милиция кызматкерлеринин апалары «Мээримдүү айым» медалы жана жубайлары «Офицердин жубайы» наамы менен сыйланышты. Иш чарага Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов катышып, сыйлыктарды өз ээлерине тапшырып, аларга каалоо тилектерин айтып, ар дайымы уулдарын, жолдошторун колдоп, жанында ден соолукта жүрүүсүн каалады.