«Түнкү 2-3тө келип кезекке турушат» Жалал-Абадда транспорт каражаттарын каттоо бөлүмүндөгү эржлерге өзгөртүүлөр киргизилет
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнө күн сайын 300гө жакын адам унаасын каттатканы, 100дөн ашык киши айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн кайрылат. Мекеменин жетекчиси Альберт Кожобергенов жарандар арасында түшүнбөстүктөн улам кезек күткөндөр көп болгонун айтат.
«Биздин бөлүмгө күндө орто эсеп менен 300-400 киши кайралат. Мени тынчсыздантканы кайрылган кишилер түнкү 2-3тө келип кезекке турушат экен. Биздин иш канада график боюнча жумуш эртең мененки 8:30 башталат, ал мезгилде кайрылгандар өздөрүнчө кезек кылып 100дөн ашык адам тизмеде турган болот. Ал эми, бизде жарандарды кабыл алуу электрондук тартипте жүргүзүлөт. Элдерге ушул тартипти айтып түшүндүрө албай койдук. Алар илгертен бери эле ушул ыкмада кабыл алышкан деп өздөрүнүн көз карашын таңуулай берет. Түнкүсүн шарт жок, кезек күтөт да биздин жумушка нааразы болушат. Мындан улам тартипке келтирүү боюнча аракеттер көрүлүүдө»,-деди А. Кожобергенов.
Мындан сырткары ал мекемеге кайрылып, паспортторун же авто мектепти окуп аяктаганы тууралуу күбөлүктөрүн унутуп таштап кеткен 130дан ашык кишинин документтери бар экенин, алар кайрылып алып кетсе болоорун кошумчалады.
17 кызматкер эмгектенген транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнөн өткөн 2024-жылы
10 миңден ашуун кишиге айдоочулук күбөлүк берилсе, 40 миңден ашуун транспорт каражаттары каталган.